Экинчи б?л?к/ Часть вторая. Cизге алдын ала к?пт?к тандоону талап кылган беш м?мк?н болгон жооптордун ичинен бир гана туура жоопту белгил????з сунушталат. Туура деп тандаган жооптун тамга индексин


Биология боюнча мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасынын IV этабы
IV этап Республиканской олимпиады школьников по биологии
25.03.2017 ж. / 25.03.2017 г.
Теориялык тур / Теоретический тур
Катышуучунун шифри
Шифр участника Баллдардын жалпы саны
Общее количество баллов
Жооптордун матрицасы/ Матрица ответов

Биринчи бөлүк / Часть первая
(катышуучу тарабынан толтурулат / заполняется участником)
Тапшырманын бир гана туура жообу бар. Задания имеет только один правильный ответ.
Ар бир туура жооп – 1 упай/ Каждый правильный ответ – 1 балл
Бардыгы – 25 упай / Всего – 25 баллов
№ а б в г д № а б в г д № а б в г д № а б в г д
1 8 15 22 2 9 16 23 3 10 17 24 4 11 18 25 5 12 19 6 13 20 7 14 21 Экинчи бөлүк / Часть вторая
(катышуучу тарабынан толтурулат / заполняется участником).
Тапшырманын бир гана туура жообу бар. Задания имеет только один правильный ответ.
Ар бир туура жооп – 2 упай/ Каждый правильный ответ – 2 балла
Бардыгы – 20 упай / Всего – 20 баллов
№ а б в г д № а б в г д № а б в г д № а б в г д
1 4 7 10 2 5 8 3 6 9 Үчүнчү бөлүк/ Часть третья
(жюри мүчөлөрү тарабынан толтурулат / заполняется членами жюри)
Бардыгы – 25 упай / Всего – 25 баллов
Тапшырма № / Задания № Туура жана толугу менен аткарылган тапшырма үчүн берилүүчү максимум упай / Максимальный балл за правильно и полностью решенные задачи Баалоо / Оценка
Упайы / баллы
1 5 2 6 3 3 4 5 5 6 Σ 25 Биринчи бөлүк / Часть первая
Cизге беш мүмкүн болгон жооптордун ичинен бир туура жоопту белгилөөңүз сунушталат. Туура деп тандаган жооптун тамга индексин жооптор таблицасына белгилеңиздер.
Вам предлагаются тестовые задания с одним вариантом ответа из пяти возможных.
Буквенный индекс, который вы считаете наиболее правильным, внесите в таблицу ответов
Хлоропластарда АТФнын синтези үчүн энергиянын булагы катары кызмат кылат:
а) пируват; б) глицеральдегид; в) глюкоза; г) суу; д) жарык.
В хлоропластах источником энергии для синтеза АТФ служит:
а) пируват; б) глицеральдегид; в) глюкоза; г) вода; д) свет.
2. Фотосинтез учурунда кычкылтек түзүлөт:
а) жарык фазасында гана; б) караңгы фазада гана; в) эки фазада тең;
г) түзүлбөйт, жутулат. 2. При фотосинтезе кислород образуется:
а) только в световой фазе; б) только в темновой фазе; в) в обеих фазах;
г) не образуется, а поглощается.
3. Эндосперм —бул:
а) спермийлерди сактоочу жайы; б) чаңдыктагы чаңча даны; в) вегетативдүү клетка спермийлер менен;
г) түйүлдүк үчүн азык заттардын запасы. 3. Эндосперм — это:
а) хранилище спермиев; б) пыльцевое зерно в пыльнике; в) вегетативная клетка со спермиями;
г) запас питательных веществ для зародыша. 4. Жалпак курттардын тамак сиңирүү системасы ……турат.
а) алдыңкы, орто жана арткы ичегиден; б) арткы ичегиден жана аналдык тешикчеден;
в) ооз тешикчесинен, туюк аяктаган алдыңкы жана орто ичегиден;
г) туюк аяктаган ортонку жана арткы ичегиден; д) тамак сиңирүү бездеринен (боордон жана уйку безинен)
4. Пищеварительная система плоских червей представлена:
а) передней, средней и задней кишкой; б) задней кишкой и анальным отверстием;
в) ротовым отверстием, передней и средней кишкой, замкнутый слепо; г) средней и задней кишкой, замкнутый слепо; д) пищеварительными железами (печенью и поджелудочной железой)
5. Соргучтардын өрчүү циклинин стадияларынын ырааттуулугу:
а) жумуртка – мирацидий – спороциста – редия – церкарий – финна;
б) жумуртка – церкарий – мирацидий – спороциста – редия – финна;
в) церкарий – мирацидий – спороциста – редия;
г) жумуртка – финна – мирацидий – спороциста – редия;
д) жумуртка – мирацидий – спороциста – редия – церкарий.
5. Последовательность стадий цикла развития сосальщиков:
а) яйцо – мирацидий – спороциста – редия – церкарий – финна;
б) яйцо – церкарий – мирацидий – спороциста – редия – финна;
в) церкарий – мирацидий – спороциста – редия;
г) яйцо – финна – мирацидий – спороциста – редия;
д) яйцо – мирацидий – спороциста – редия – церкарий.
6. Жөргөмүш сымалдардын буттарынын биринчи жубу эмне деп аталат?
а) басуучу бутары; б) астыңкы жана үстүңкү жаактары; в) антенна жана антеннула;
г) тельсон; д) хелицер жана педипальп. 6. Первые две пары конечностей паукообразных называются;
а) ходильные ноги; б) верхние и нижние челюсти; в) антенны и антеннулы;
г) тельсон; д) хелицеры и педипальпы. 7. Эндоплазмалык торчонун каналдары байланышат:
а) перинуклеардык мейкиндик менен; б) ядрочо, перинуклеардык мейкиндик менен; в) лизосома жана хромосома менен; г) Гольджи комплекс көндөйлөрү жана митохондриялар менен
д) хромосомалар жана ядролук пластинка менен 7. Каналы эндоплазматической сети соединяются:
а) перинуклеарным пространством; б) ядрышком, перинуклеарным пространством; в) лизосомами и хромосомами; г) полостями комплекса Гольджи и митохондриями;
д) с хромосомами и ядерной пластинкой. 8. Митохондриялардын структуралык компоненттери:
а) сырткы, ички мембраналар жана тилакоиддер; б) шакектүү ДНК, кристылар жана рибосомалар;
в) тилакоиддер жана АТФсомалар; г) кристылар, цистернала жана көбүкчөлөр;
д) матрикс жана тилакоиддер. 8. Структурные компоненты митохондрий:
а) наружная, внутренняя мембраны и тилакоиды; б) кольцевая ДНК, кристы и рибосомы;
в) тилакоиды и АТФсомы; г) кристы, цистерны и пузырки; д) матрикс и тилакоиды.
9. Энергетикалык алмашуунун анаэробдук этабы жүрөт:
а) ичегиде; б) цитоплазмада жана митохондрияларда; в) цитоплазмада жана эндоплазмалык торчодо;
г) клеткалардын цитоплазмасында; д) Гольджи комплексинде жана клетканын ядросунда.
9. Анаэробный этап энергетического обмена протекает:
а) в кишечнике; б) цитоплазме и митохондриях; в) цитоплазме и ЭПС; г) цитоплазме клеток;
д) в комплексе Гольджи и ядре клеток. 10. Энергетикалык алмашуунун аэробдук этабы жүрөт:
а) ичегиде жана клетканын цитоплазмасында; б) митохондрияларда;
в) эндоплазмалык торчодо жана митохондрияларда; г) клетканын цитоплазмасында;
д) Гольджи комплексинде жана митохондрияларда. 10. Аэробный этап энергетического обмена протекает:
а) в кишечнике и цитоплазме клеток; б) митохондриях; в) ЭПС и митохондриях;
г) цитоплазме клеток; д) в комплексе Гольджи и митохондриях. 11. Интерфазалык ядронун структуралык компоненттери
а) кариолемма жана строма; б) хроматин жана тилакоиддер; в) кариолимфа жана грандар, ядрочолор;
г) строма, кариолемма жана хроматин ; д) кариолимфа, хроматин жана ядрочолор.
11. Структурные компоненты интерфазного ядра
а) кариолемма и строма; б) хроматин и тилакоиды; в) кариолимфа и грани, ядрышки;
г) строма, кариолемма и хроматин ; д) кариолимфа, хроматин и ядрышки.
12. Ядрочолордун функциялары:
а) кариолимфанын цитоплазма менен өз ара байланышын ишке ашырат;
б) ядронун структураларынын өз ара байланышын ишке ашырат;
в) ДНКны синтездейт; г) рибосомалардын суббирдиктеринин чогултулуусун камсыздайт;
д) р-РНКны синтездейт жана. рибосомалардын суббирдиктеринин чогултулуусун камсыздайт;
12. Функции ядрышек:
а) осуществляют взаимосвязь кариолимфы с цитоплазмой; б) осуществляет взаимосвязь структур ядра;
в) синтезируют ДНК; г) обеспечиваеют сборку субъединиц рибосом;
д) синтезируют р-РНК и обеспечивают сборку субъединиц рибосом. 13. Сперматогенез процессинин мезгилдери:
а) өрчүү, көбөйүү, өсүү жана калыптануу; б) көбөйүү, өсүү, жетилүү жана калыптануу;
в) өсүү, жетилүү, калыптануу жана өрчүү; г) жетилүү, өрчүү, өсүү жана калыптануу;
д) көбөйүү, өсүү жана жетилүү. 13. Периоды процесса сперматогенеза:
а) развития, размножения, роста и формирования; б) размножения, роста, созревания и формирования;
в) роста, созревания, формирования и развития; г) созревания, развития, роста и формирования;
д) размножения, роста и созревания. 14. РНКнын инициациялоочу кодону:
а) АГУ; б) УАЦ; в) УАГ; г) АУГ; д) АУА.
14. Инициирующий кодон РНК:
а) АГУ; б) УАЦ; в) УАГ; г) АУГ; д) АУА.
15. Экспрессивдүүлүк – бул гендин ….. касиети.
а) мутациялануу; б) аныктуу полипептиддин синтезин детерминациялоо;
в) бир канча белгилердин байкалуусуна жооп берүү;
г) өзүнүн фенотиптик байкалуу даражасын өзгөртүү;
д) фенотиптик байкалуунун түрдүү жыштыгына ээ болуу.
15. Экспрессивность – это свойство гена:
а) мутировать; б) детерминировать синтез определенного полипептида;
в) отвечать за проявление нескольких признаков;
г) изменять степень своего фенотипического проявления ;
д) иметь разную частоту фенотипического проявления.
16. Оперондун курамына кирет:
а) ген-оператор жана интрон; б) ген-регулятор жана экзон; в) ген-оператор жана структуралык гендер;
г) экзондор жана промотор; д) промотор жана ген-регулятор. 16. В состав оперона входят:
а) ген-оператор и интрон; б) ген-регулятор и экзон; в) ген-оператор и структурные гены;
г) экзоны и промотор; д) промотор и ген-регулятор. 17. Нуклеотиддердин уникалдуу ырааттуулуктары ….. функциясын аткарышат.
а) ген-регуляторлодун жана экзондордун; б) ген-операторлордун жана интрондордун;
в) интрондордун жана экзондордун; г) экзондордун; д) промоторлордун.
17. Уникальные последовательности нуклеотидов выполняют функции:
а) ген-регуляторов и экзонов; б) ген-операторов и интронов; в) интронов и экзонов;
г) экзонов; д) промоторов. 18. Плазмиддердин химиялык негизин ….. молекулалары түзөт.
а) ДНКнын; б) РНКнын; в) липиддердин; г) белоктордун; д) полисахариддердин.
18. Химическую основу плазмид составляют молекулы:
а) ДНК; б) РНК; в) липидов; г) белков; д) полисахаридов
19. Харди-Вайнберг мыйзамынын математикалык туюнтмасында “р”……. жыштыгын билдирет.
а) доминанттуу гендин; б) рецессивдүү гендин; в) доминанттуу гомозиготтордун;
в) рецессивдүү гомозиготтордун; г) гетерозиготтордун. 19. В математическом выражении закона Харди-Вайнберга р обозначает частоту:
а) доминантного гена; б) рецессивного гена в) доминантных гомозигот;
в) рецессивных гомозигот; г) гетерозигот. 20. Эгиздик метод ….. аныктоого мүмкүндук берет:
а) белгинин байкалуусунда тукум куучулуктун жана чөйрөнүн ролун;
б) тийиштүү белгинин тукум куугучтугун; в) тукум куугучтуктун тибин жана мүнөзүн;
д) гендин пенетранттуулугун; г) гендик мутацияларды; 20. Близнецовый метод позволяет установить:
а) роль наследственности и среды в проявлении признак; б) наследственный ли данный;признака;
в) тип и характер наследования; д) пенетрантность гена; г) генные мутации;
21. Партеногеноз – бул:
а) сперматозоид менен жумуртка клеткасынын биригүүсү; б) жыныстык процесс;
в) гаметалардын жетилүүсү; г) уруктангандан соң жумуртка клеткасынын өрчүүсү;
д) жумуртка клеткасынын уруктанбастан өрчүүсү.
21. Партеногеноз – это:
а) слияние сперматозоида и яйцеклетки; б) половой процесс; в) созревание гамет;
г) развитие яйцеклетки после оплодотворения; д) развитие айцеклетки без оплодотворения.
22. Конъюгация – бул:
а) жыныс клеткаларынын түзүлүү процесси; б) жыныс клеткаларынын биригүүсү;
в) ар кандай түрлөр ортосундагы генетикалык маалыматтар менен алмашуу;
г) бир түрдөгү особдор арасында генетикалык маалыматтардын биригүүсү;
д) бир түрдөгү особдордун генетикалык маалыматтар менен өз ара алмашуусу.
22. Конъюгация – это:
а) процесс образования половых клеток; б) слияние половых клеток;
в) обмен генетической информацией между особями разных видов; г) объединение генетической информации особей одного вида; д) обмен генетической информацией между особями одного вида. 23. Картаюнун генетикалык гипотезасынын маңызы:
а) клетканын цитоплазмасынын коллоиддик касиеттеринин өзгөрүүсү;
б) жыныстык гормондордун продукцияларынын төмөндөөсү;
в) ДНКнын репарация жана репликация процесстеринин бузулуусу;
г) адаптация жана жөнгө салуу процесстеринин бузулуусу;
д) зат алмашуу процесстеринин интенсивдүүлүгүнүн төмондөөсү.
23. Суть генетических гипотез старения:
а) изменения коллоидных свойств цитоплазмы клетки; б) снижение продукции половых гормонов;
в) нарушение процессов репарации и репликации ДНК; г) нарушение процессов адаптации и регуляции;
д) снижение интенсивности обменных процессов. 24. Биогенетикалык законду түзүшкөн:
а) К.Бэр жана Ф.Мюллер; б) Ч.Дарвин, Э.Геккель, Ф.Мюллер; в) Н.Вавилов жана А.Северцов;
г) Ф.Мюллер жана Э.Геккель; д) Э.Геккель жана И.Шмальгаузен. 24. Биогенетический закон сформулировал (и):
а) К.Бэр и Ф.Мюллер; б) Ч.Дарвин, Э.Геккель, Ф.Мюллер; в) Н.Вавилов и А.Северцов;
г) Ф.Мюллер и Э.Геккель; д) Э.Геккель и И.Шмальгаузен. 25. Алгачкы жандуу организмдер:
а) гетеротрофтуу анаэроб болгон прокариоттор; б) гетеротрофтуу анаэроб болгон эукариоттор;
в) гетеротрофтуу аэроб болгон прокариоттор; г) автотрофтуу анаэроб болгон прокариоттор;
д) автотрофтуу аэроб болгон прокариоттор; 25. Первыми живыми организмами были:
а) прокариоты, которые были гетеротрофными анаэробами;
б) эукариоты, которые были гетеротрофными анаэробами;
в) прокариоты, которые были гетеротрофными аэробами;
г) прокариоты, которые были автотрофными анаэробами;
д) прокариоты, которые были автотрофными аэробами;
Экинчи бөлүк/ Часть вторая
Cизге алдын ала көптүк тандоону талап кылган беш мүмкүн болгон жооптордун ичинен бир гана туура жоопту белгилөөңүз сунушталат. Туура деп тандаган жооптун тамга индексин жооптор таблицасына белгилеңиздер.
Вам предлагаются тестовые задания с одним вариантом ответа из пяти возможных, но требующих предварительного множественного выбора. Буквенный индекс, который вы считаете наиболее полным и правильным, внесите в таблицу ответов
1. Жабык уруктуу өсүмдүктөрдүн тамыры үчүн мүнөздүү болгон белгилерди тандагыла . 1 – сууну жана минералдык туздарды соруу; 2 – өсүмдуктүн топуракка бекүүсү; 3 –запастык заттарды топтоо; 4 –спораларды түзүүдө катышуу; 5 – чокулук бүчүрдү алып жүрөт; 6 – жалбырактар жайгашат; 7 – генеративдик орган.
а) 4,5,6,7; б) 1,2,3; в) 1,2,3,5,6; г) 1,2,3,4,7; д) 1,5,6;
1. Выберите признаки, характерные для корня покрытосеменных растений. 1 – поглощение воды и минеральных солей; 2 – закрепление растения в почве; 3 – накопление запасных веществ; 4 – участвуют в образовании спор; 5 – несет верхущечную почку; 6 – несет листья; 7 – генеративный орган.
а) 4,5,6,7; б) 1,2,3; в) 1,2,3,5,6; г) 1,2,3,4,7; д) 1,5,6;
2. өсүмдүктөрдүн вегетативдик бөлүктөрүнүн төмөнкү саналган түр өзгөрүүлөрүнүн кайсылары жалбырактын түр өзгөрүүлөрүнө кирет? 1 –картофелдин түймөгү (клубени); 2 – бөрү карагаттын тикени; 3 – долононун тикени; 4 – буурчактын мурутчасы; 5 – жүзүмдүн мурутчасы; 6 – кызылчанын жемиш тамыры; 7 – георгиндин тамыр түймөктөрү.
а) 2,4,,6; б) 1,2,4,5; в) 2,5,7; г) 2,4; д) 2,3,4,6;
2. Какие из перечисленных видоизменений вегетативных частей растений относится к видоизменением листьев? 1 – клубни картофеля; 2 – колючки барбариса; 3 – колючки боярышника; 4 – усик гороха; 5 – усик винограда; 6 – корнеплод свеклы; 7 – корневые клубни георгина.
а) 2,4,,6; б) 1,2,4,5; в) 2,5,7; г) 2,4; д) 2,3,4,6;
3. Азык тизмегинде фитопланктон ….ге, ал эми топурак микроорганизмдери ….ге кирет.
1) редуценттерге; 2) 1 иреттеги консументтерге; 3) продуценттерге; 4) бузуучуларга; 5) 2 иреттеги консументтерге.
а) 1,2; б) 3, 1; в) 5,3; г) 3,5; д) 4,2;
3. В пищевой цепи фитопланктон относят к ….., а почвенные микроорганизмы к:
1) редуцентам; 2) консументам 1 порядка; 3) продуцентам; 4) разрушителям; 5) консументам 2 порядка.
а) 1,2; б) 3, 1; в) 5,3; г) 3,5; д) 4,2;
4. Шайкештүүлүгүн аныктагыла: I- апоптоз, II – митоз, III – цитокинез, IV – лизис; 1) клетканын бузулуусу, 2) клетканын өлүмү; 3) эукариоттордун ядросунун бөлүнүү ыкмасы; 4) клетканын экиге болүнүүсү.
а) I – 2, II – 3, III – 4, IV - 1; б) ) I – 1, II – 2, III – 3, IV - 4; в) ) I – 1, II – 3, III – 2, IV - 4;
г) ) I – 4, II – 3, III – 2, IV - 1; д) ) I – 3, II – 1, III – 4, IV - 2; 4. Найдите соответствия: I- апоптоз, II – митоз, III – цитокинез, IV – лизис; 1) разрушение клетки, 2) гибель клетки; 3) способ деления ядер эукариотов; 4) разделение клетки на двое.
а) I – 2, II – 3, III – 4, IV - 1; б) ) I – 1, II – 2, III – 3, IV - 4; в) ) I – 1, II – 3, III – 2, IV - 4;
г) ) I – 4, II – 3, III – 2, IV - 1; д) ) I – 3, II – 1, III – 4, IV - 2; 5. Эхинококк кайсы типке жана класска карайт?
Тип: I – Apicomplexa, II – Sarkomastigophora, III – Nemathelminthes, IV - Plathelminthes, V – Arthropoda;
Класс: 1 – Ciliata, 2 – Cestoda, 3 – Zoomastigota, 4 – Trematoda, 5 – Nematoda.
a) I – 2; б) IV – 5; в) III – 4; г) IV – 2; д) V – 1.
5. Какому типу и классу относится эхинококк? Тип: I – Apicomplexa, II – Sarkomastigophora, III – Nemathelminthes, IV - Plathelminthes, V – Arthropoda; Класс: 1 – Ciliata, 2 – Cestoda, 3 – Zoomastigota, 4 – Trematoda, 5 – Nematoda.
a) I – 2; б) IV – 5; в) III – 4; г) IV – 2; д) V – 1.
6. Сөөктүү балыктардын тамак сиңирүү системасы төмөнкүлөрдөн турат: 1) жоон ичеги; 2) карын; 3) ичке ичеги; 4) шилекей бездери; 5) боор; 6) клоака.
а) 1,2,4,5; б) 1,2,5,6; в) 1,2,3,6; г) 1,2,3,5; д) 1,3,4,6;
6. Пищеварительная система костных рыб представлена: 1) толстым кишечником; 2) желудком; 3) тонким кишечником; 4) слюнными железами; 5) печенью; 6) клоакой.
а) 1,2,4,5; б) 1,2,5,6; в) 1,2,3,6; г) 1,2,3,5; д) 1,3,4,6;
7. Организм АаСс генотибине ээ. Эгерде АС жана ас гендери чиркелишкен болсо жана бири-биринен 10 морганида аралыкта жайгашкан болсо, анда кандай жана канча кроссовердүү гаметалар түзүлөт?
а) 10% Ас и 10% аС; б) 5% АС и 5% ас; в) 5% Ас и 5% аС; г) 10% АС и 10% ас;
д) 50% Ас и 50% аС; 7. Организм имеет генотип АаСс. Сколько и каких кроссоверных гамет будет образоваться, если гены АС и ас сцеплены и расстояния между ними 10 морганид.
а) 10% Ас и 10% аС; б) 5% АС и 5% ас; в) 5% Ас и 5% аС; г) 10% АС и 10% ас;
д) 50% Ас и 50% аС; 8. Эндокриндик бездерди жана аларга шайкен гормондорду аныктагыла. I - гипофиздин алдыңкы үлүшү; II - гипофиздин арткы үлүшү; III - бөйрөк үстүндөгү бездер кыртышы; IV - калкан сымал без. 1 - аспаротоцин; 2 - соматотропин; 3 - кортизол; 4 - тироксин.
а) I – 1; II - 3; III - 2; IV - 4; б) I - 2, II - 3; III - 4; IV - 1; в) I - 2, II - 1; III - 3; IV - 4;
г) I - 3, II - 4; III - 1; IV - 2; д) I - 4, II - 1; III - 2; IV - 3. 8. Найдите соответствие между эндокринными железами и гормонами, которые они выделяют.
I - передняя доля гипофиза; II - задняя доля гипофиза; III - кора надпочечников; IV - щитовидная железа. 1 - аспаротоцин; 2 - соматотропин; 3 - кортизол; 4 - тироксин.
а) I – 1; II - 3; III - 2; IV - 4; б) I - 2, II - 3; III - 4; IV - 1; в) I - 2, II - 1; III - 3; IV - 4;
г) I – 3; II - 4; III - 1; IV - 2; д) I - 4, II - 1; III - 2; IV - 3. 9. Белоктор менен алар аткаруучу функциялардын ортосундагы шайкештиктерди аныктагыла.
1 - коллаген; 2 - пепсин; 3 - кератин; 4 - иммуноглобулин; 5 - гемоглобин; 6 - фибриноген; 7 - гемоцианин; 8 - глутаминсинтетаза.
I - структуралык белоктор; II - ферменттер; III - транспорттук белоктор; IV – коргоочу белоктор.
а) I - 1,5; II - 2,4; III – 7, 8; IV - 3, 6; б) I - 3; II - 2,8; III - 1,4,5; IV- 6,7; в) I - 1,3, II - 2,8; III - 5,7; IV - 4,6;
г) I - 1,2; II – 3, 8; III – 5,7; IV – 4, 6; д) I - 4; II -1,3,2,8; III - 5,7; IV - 6; 9. Найдите соответствие между белками и выполняемыми ими функциями.
1 - коллаген; 2 - пепсин; 3 - кератин; 4 - иммуноглобулин; 5 - гемоглобин; 6 - фибриноген; 7 - гемоцианин; 8 - глутаминсинтетаза.
I - структурные белки; II - ферменты; III - транспортные белки; IV - защитные белки.
а) I - 1,5; II - 2,4; III – 7, 8; IV – 3, 6; б) I - 3, II - 2,8; III - 1,4,5; IV- 6,7; в) I – 1,3, II – 2,8; III 5,7; IV - 4,6;
г) I - 1,2; II – 3, 8; III – 5,7; IV – 4, 6; д) I – 4; II – 1,3,2,8;; III - 5,7; IV - 6; 10. Кайсы углеводдор: I – моносахарид пептозаларга; II – дисахариддерге; III – полисахариддерге карай тургандыгын аныктагыла. 1 – глюкоза; 2 – фруктоза; 3 – арабиноза; 4 – сахароза; 5 – целлобиоза; 6 – гликоген; 7 – ксилоза; 8 – инулин.
а) I - 1,2; II - 4; III – 8; б) I - 3,7; II - 4,5; III - 6,8; в) I – 1; II – 2,3,4,5; III - 8;
г) I - 7; II – 1, 2; III – 8; д) I – 3, 4; II – 1,3, 7; III - 5, 8; 10. Определите, какие углеводы относятся к: I – моносахаридам пептозам; II – дисахаридам;
III – полисахаридам. 1 – глюкоза; 2 – фруктоза; 3 – арабиноза; 4 – сахароза; 5 – целлобиоза; 6 – гликоген; 7 – ксилоза; 8 – инулин.
а) I - 1,2; II - 4; III – 8; б) I - 3, 7; II - 4, 5; III - 6, 8; в) I – 1; II – 2,3,4,5; III - 8;
г) I - 7; II – 1, 2; III – 8; д) I – 3, 4; II – 1,3, 7; III - 5, 8; Үчүнчү бөлүк / Часть третья
1-тапшырма (5 упай). Гүл тобунун түзүлүштөрү келтирилген сүрөттү карап көргүлө жана
тапшырманы аткаргыла
Задание 1 (5 баллов). Рассмотрите рисунок, на котором изображены схемы строения соцветий, и выполните задания.

а) Гүл тобунун төмөнкү типтери сүрөттө кайсы сандар менен белгиленгендигин аныктагыла /
Определите, какими цифрами обозначены на рисунке следующие типы соцветий:
машак /колос —
себет / корзинка —
чачы / кисть —
татаал чачы / сложная кисть —
татаал чатыр / сложный зонтик —
б) Таблицада сунушталган өсүмдүктөр үчүн гүл тобунун кайсы тиби мүнөздүү экендигин аныктагыла.
Таблицада сүрөттөгү гүл тобу белгиленген тийиштүү санды көрсөткүлө.
Определите, какие типы соцветий характерны для представленных в таблице видов растений. В
таблице укажите цифру из рисунка, которой соответствует искомый тип соцветия.
Өсүмдүк түрү / Вид растения Гүл тобунун тиби /
Тип соцветия
Койчу баштык / Пастушья сумка (Capsella bursa-pastoris) Кадимки алча / Вишня обыкновенная (Prunus cerasus) Сойломо / Пырей ползучий (Elytrigia repens) Айдама сабиз / Морковь посевная (Daucus sativus) Чоң бака жалбырак / Подорожник большой (Plantago major) Дарычыл ромашка / Ромашка аптечная (Matricaria chamomilla) Май ландышы / Ландыш майский (Convallaria majalis) Дарычыл каакым / Одуванчик лекарственный (Taraxacum officinale) Кадимки мойул / Черемуха обыкновенная (Padus avium) Жумшак буудай / Пшеница мягкая (Triticum aestivum) 2-тапшырма (6 упай). Сандык жана тамгалык белгилөөлөрдү пайдалануу менен төмөнкү маалыматтарды: витамин —витаминдер группасы (майда эрүүчү же сууда эрүүчү) —авитаминоздун байкалуусу — витаминдин булагы схемасы боюнча таблицаны толтургула:
Витаминдер:
— В6(пиридоксин);
— А (ретинол);
— D (эргокальциферол, же кальциферол);
— B1 (тиамин);
— В12 (цианокобаламин);
— С (аскорбин кислотасы).
Авитаминоздун байкалуусу:
1 — анемия; 2 — «күүгүм карыкма» оорусу, өсүүнүн жайлоосу, көрүүнүн начарлоосу, теринин, көз айнек челинин, ичегинин зыян тартуусу; 3 — цинга, ооруларга туруктуулуктун төмөндөөсү, жогорку чаалыгуулук, тарамыштардын, булчуңдардын ооруусу, капиллярлардын, тиш десналарынын зыян тартуусу; 4 — «бери-бери» (полиневрит) оорусу, арыктоо, кыймыл координациясынын бузулуусу, кол-буттардын параличи, булчуңдардын атрофиясы, нерв системасынын зыян тартуусу; 5 — балдарда рахиттин өрчүүсү; чоңдордо — сөөктөрдүн минералдашуусунун төмөндөосү; 6 — дерматит, анемия, табиттин жоктугу, уйкучулдук же кыжырдангычтык.
Витаминдин булактары:
а)боор, жумуртканын сарылыгы, балык майы;
б)каймак май, жумуртканын сарылыгы, сабиз, помидор, боор;
в)ит мурундун мөмөсү, кызыл калемпир, цитрустуулар, кара карагат, пияз, жалбырактуу жашылчалар, сүт, боор;
г)эт, балык, сүт, боор, ачыткылар (дрожжи);
д)балыктардын жана сүт эмүүчүлордүн боору, бөйрөктөрү, жумуртка, соя;
е)ачыткылар (дрожжи), жара тартылган ундун наны, кара күрүчтүн, сулунун акшагы, картофель, боор.
Витамин Майда эрүүчү (Ж) же
Сууда эрүүчү (В) Авитаминоздун байкалуусу Витаминдин булагы
I II III IV V VI Задание 2 (6 баллов). Используя цифровую нумерацию и буквенные обозначения, соотнесите следующую информацию по схеме: витамин — группа витаминов (жирорастворимые или водо растворимые) — проявление авитаминоза — источник витамина (6 баллов).
Витамины:
I — В6 (пиридоксин);
II — А (ретинол);
III — D (эргокальциферол, или кальциферол);
IV — B1 (тиамин);
V — В12 (цианокобаламин);
VI — С (аскорбиновая кислота).
Проявление авитаминоза:
1 — анемия; 2 — заболевание «куриная слепота», замедление роста, ухудшение зрения, поражение кожи, роговицы глаза, кишечника; 3 — цинга, снижение сопротивляемости к заболеваниям, повышенная утомляемость, боль в суставах, мышцах, поражение капилляров, десен зубов, местные кровоизлияния; 4 — заболевание «бери-бери» (полиневрит), исхудание, нарушение координации движений, паралич конечностей, атрофия мышц, поражение нервной системы; 5 — развитие рахита у детей (искривление ног, уплощение груди, большая голова); у взрослых — уменьшение минерализации костей; 6 — дерматит, анемия, судороги, потеря аппетита, сонливость или, наоборот, повышенная раздражительность.
Источник витамина:
а)печень, яичный желток, рыбий жир;
б)сливочное масло, яичный желток, морковь, помидоры, печень;
в)плоды шиповника, красного перца, цитрусовых, черной смородины, лук, листовые овощи, молоко, печень;
г)мясо, рыба, молоко, печень, дрожжи;
д)печень рыб и млекопитающих, почки, яйца, соя;
е)дрожжи, хлеб из муки грубого помола, гречневая, овсяная крупы, картофель, печень.
Витамин Жирорастворимый (Ж)
или водорастворимый (В) Проявление
авитаминоза Источник витамина
I II III IV V VI 3-тапшырма (3 упай). Деңиз экосистемасында азык тизмеги фитопланктондон → жырткыч эмес балыктардан → жырткыч балыктардан → деңиз кундузунан турат. Бул учурда деңизде орто эсеп менен 30 кг салмактагы 200 дениз кундузунун жетилүүсү үчүн канча массадагы фитопланктон зарыл экендигин экологиялык пирамида эрежесинин негизинде аныктагыла.
Задание 3 (3 упай). На основании правила экологической пирамиды определите, сколько нужно планктона, чтобы в море выросла 200 особей морской выдры средней массой 30 кг, если в морской экосистеме цепь питания имеет вид: фитопланктон → нехищные рыбы → хищные рыбы → морская выдра.
Чыгаруу / Решение:
4-тапшырма (5 упай). Анатомиялык түзүлүштүн негизги кызматын камсыз кылуучу (негизин түзүүчү) ткань менен шайкештигин аныктагыла. Жооптор бланкындагы таблицаны толтургула.
Задание 4 (5 баллов). Установите соответствие между анатомической структурой и тканью, обеспечивающей ее основную функцию (составляющую основу). Заполните таблицу на бланке ответов.
1 Айнек чел / Роговица А. Тутумдаштыргыч ткань
/Соединительный ткань
Б. Таргыл булчуң тканы / Поперечно
полосатая мышечная ткань
В. Жылма булчуң тканы
/ Гладкая мышечная ткань
Г. Эпителий тканы
/ Эпителиальная ткань
Д. Нерв тканы / Нервная ткань
2 Боор / Печень 3 Тиштин дентин катмары / Дентиновый слой зуба 4 Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртыш заты
/ Корковый слой надпочечника 5 Башкы колко / Главный бронх 6 Артериолдор / Артериолы 7 Бицепс 8 Кулак калканы / Ушная раковина 9 Тордомо чел / Сетчатка глаз 10 Кан / Кровь Жооптордун таблицасы / Таблица ответов
Тиешелүү (шайкеш) ткань /
Соответствующий ткань Анатомиялык түзүлүштүн түрлөрү
/ Виды анатомических структур
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
А Б В Г Д 5-тапшырма (6 упай). Структуралык ген (ДНКнын молекуласынын фрагменти) курамында 440 цитидилдик (С) нуклеотидди камтыйт, бул болсо, жалпы нуклеотид санынын 22%ын түзөт. Бир нуклеотиддин молекулярдык массасы 345 г/мольго барабар. Бул гендин экзондук бөлүгүндө 130 аминокислоталык калдыктан турган белок коддолгон. Бул маалыматтардын негизинде:1. Гендин нуклеотиддик курамын аныктагыла.
2. Гендин молекулярдык массасы жана гендин интрондук бөлүгүнүн молекулярдык массасы канчага барабар?
3. Гендин узундугун (нм менен) аныктагыла. Жетилген мРНК узундугу про-мРНКдан канчалык кыска?
Задача 5 (6 баллов). Структурный ген (фрагмент молекулы ДНК) содержит 440 цитидиловых (С) нуклеотида, что составляет 22 % от их общего количества. Молекулярная масса одного нуклеотида равна 345 г/моль. В экзонных участках этого гена закодирован белок, состоящий из 130 аминокислотных остатков. На основании этих данных:
1. Определите нуклеотидный состав гена.
2. Чему равна молекулярная масса гена и интронных участков гена?
3. Определите длину гена (в нм). Насколько зрелая мРНК короче про-мРНК?
Чыгаруу / Решение:

Приложенные файлы

  • docx 7031559
    Размер файла: 138 kB Загрузок: 0

Добавить комментарий